Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү. Бирок элдер аны үзүп, тебелеп жетишишти
RU

Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү. Бирок элдер аны үзүп, тебелеп жетишишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кара-Булак айылынан алыс эмес жайгашкан Айгүл-Таш ботаникалык коругунун аймагында Айгүл гүлү гүлдөдү.

Бирок, эс алуучулар уникалдуу гүлдү үзүп, тепсеп жетишишкен. Коруктагы сүрөттөрдү өзүнүн аккаунтуна журналист Актилек Гүлжигит кызы жарыялап "Айгүл гүлүн көргөнү келбей эле койгулачы. Тепселеп, гүлүн үзүп, жулмалап да кетипсиңер. Гүл да аябай аз калыптыр", - деп жазган.

Жергиликтүү активисттер Айгүл тоону көрүп келгендер үчүн убактылуу жабуу керектигин айтып жатышканын билдирди. Анткени, учурда эс алып келгендер өтө көп, алар тазалыкты сактабай койгону аз келгенсип, артынан таштанды калтырып, сейрек гүлдү да тебелеп кетишет, - деп Актилек Kaktus.media'га айтып берди.

"Лесхоз келгендерден 50 сомдон чогултат. Бирок гүлдүн өзү эч кимди ойлондурбайт", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1256