Чек арадагы Максат айылына Кыргызстандын 10 метрлик желеги орнотулду
RU

Чек арадагы Максат айылына Кыргызстандын 10 метрлик желеги орнотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында Кыргызстандын туусун көтөрүү салтанаттуу аземи болуп, ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты.

Салтанатка андан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Ташиев Максат айылынын эли баатыр экенин белгиледи. Анын айтымында, "мамлекет элдин тынч, жакшы шартта жашоосу үчүн бардык аракеттерди жасап жатат". Жергиликтүү бийликтин айтымында, ишкерлер Ысманали Жороев менен Адылбек Абдыкадыров демөөрчүлүк кылышкан.

Максат айылы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан. Тажикстан тараптан аскердик агрессиянын жүрүшүндө дал ушул айыл биринчи соккуларды алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12585