Asia Mall`дун кызматкерлери менен кардарлары эвакуацияланды
RU

Asia Mall`дун кызматкерлери менен кардарлары эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба бар деген билдирүүдөн улам эвакуация иштери башталды. Маалыматты Kaktus.media сайтына Ленин РИИБден билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 29-майда саат 10:05 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бүлүмүнө соода борборунда жардыруучу зат бар деген билдирүү түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, имарат курчоого алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12594