ЖКнын депутаты Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд сом төгөт
RU

ЖКнын депутаты Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд сом төгөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиеивдин коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөсүнүн жүрүшүндө УКМК аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жана камакка алууга жетиштүү далил топтогон, деп УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда Жумалиев өз ыктыяры менен мамлекетке акчалай каражат, коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн өткөрүп берди. Алардын жалпы суммасы 1 млрд сомдон ашат.

Ошого байланыштуу жана Жумалиевдин улгайып калган жаш курагы менен ден соолук абалын эске алып, Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-апрелде депутаттын жаза чарасын сыртка чыкпоо тууралуу тил катка өзгөртүү өтүнүчүн киргизди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1259