"Депутатты уруша тургандай ал сиздин уулуңуз эмес!". Парламентте депутаттар кайым айтышты
RU

"Депутатты уруша тургандай ал сиздин уулуңуз эмес!". Парламентте депутаттар кайым айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаров эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын ишин сынга алды.

Буга чейин парламенттин жалпы жыйынында Мадумаров комитеттин добуш бергенине нааразы болгон. Ал комитеттин төрагасы сурамжылоо жолу менен добуш бергенине сын айтты.

"Силер мага көрсөтүп берсеңер. Кайсыл беренеде, регламентте "комитет жыйын өткөрбөй эле сурамжылоо жолу менен кол коюп берсе болот" деген нерсе бар?

Азыр Кытай менен болгон эки келишим тең мыйзамсыз.

Эгерде ушундай жол менен кете бере турган болсо Улан Бердибаевич, мен чечкиндүү түрдө сиздин төрагалыгыңыз татыктуу же татыксыздыгы жөнүндө маселени көтөрүшүм керек болот. Себеби, биз күлүп-жайнап отуруп, келечектеги урпактардын тагдырын ойноп-күлүп чечип коюп жатабыз.

Ратификация деген эл аралык маселе! Аны оюнчук катары көрүп, сурамжылоо жолу менен кол коюп берген болбойт!

"Ошол жыйынды алып барган төраганын орун басары дагы кайсыл беренеде бар экенин көрсөтүп бере албайт. Сиз дагы айта албайсыз. Телпеңдеп бөлүм башчы чуркап келе калды. Ал башка маселе. Бөлүм башчылар жөнүндө дагы маселени көтөрүш керек. Себеби, ар кайсыл нерсени айтып, төраганын башын айлантып жаткан силерсиңер. Бул орчундуу маселе. Андай кылбай жүргүлө. Уят болот. Мындай кылууга болбойт! Төрага, орун басарлар каякты карап жатышат?" – деди Мадумаров.

Комитеттин мүчөсү Айбек Осмонов жооп катары парламентарийдин сынына нааразы болуп, депутаттарга тийишпөөнү өтүндү.

"Мага асылбай сүйлөңүз. Орун басары деп айтып жатасыз. Мага асылбаңыз", - деди Осмонов.

Ага Мадумаров "Сиз Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп калдыңызбы? Балдар, айланайын, сөздү аягына чейин угуп үйрөнгүлө. Силер эмне болуп калгансыңар? Мен Жогорку Кеңештин төрагасын айтып жатам. Сөздү угуп үйрөнгүлө балдар, уят болот", - деп жооп кайтарды.

Чырга дагы бир депутат Шайлообек Атазов аралашты. Ал кесиптешинен Осмоновду урушпоону суранды. "Дайыма "балдар" дейсиз, ал урматтуу Айбек Осмонов деген депутат. Балдарды урушкансып тилдей турган ал сиздин уулуңуз эмес!", – деди ал.

Буга Мадумаров: "Силерди "жигиттер", "балдар" деп айтканыма сүйүнгүлө" деди.

Ал арада комитеттин төрагасы Улан Примов Кытай менен мыйзамга кол коюу эмес, макулдашуу болгон деп жооп берди.

"Ал болгону макулдашуу. Ал жыйында өзүңүз билесиз, мен жок элем. Мен комитеттин төрагасы катары комитеттин ишмердүүлүгүнө жооп берем. Үчүнчү жолу кворум болуп, жыйын өтүп жатат. Адахан Кимсанбаевич, айтат десе эле сүйлөй бербеш керек да", -деди Примов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12607