Россиянын жараны мобилизациядан Кыргызстанга качып келген. Эми бир жыл колонияда отурат
RU

Россиянын жараны мобилизациядан Кыргызстанга качып келген. Эми бир жыл колонияда отурат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мобилизациядан Кыргызстанга жасалма паспорт менен качып келген россиялык жаран бир жылга эркинен ажыратылды. Өкүм Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөнү өзгөртүлдү

Мобилизациянын башталышына байланыштуу Кыргызстанга келген Россиянын жараны Далхан айыпталды. Өкүмдө ал кишинин аялы жана үч баласы бар экени айтылат. Ал буга чейин соттолгон.

Белгиленгендей, Далхан Россиядан чыгууга болбой турганын билип туруп, аскердик кызматка чакыруудан качып, паспорту жок экенине карабай,, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Ал такси менен Алматы шаарына (Казакстан) чейин келип, андан ары Кыргызстандын мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан чек ара айылында болуп, Өзбекстан Республикасынын жасалма паспортун колдонуп, Чүй облусунун аймагындагы Гавайи мейманканасынын жанынан чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.

Кафелердин биринде кыргызстандык аял менен таанышкан Далхан аны менен нике кыйдырып, чогуу жашай баштаган. Сотто аял Далхандын Кыргызстанга эмне себептен келгенин билбей турганын айткан.

Соттук териштирүүдө адам күнөөсүн толугу менен моюнга алып, кылган ишине өкүнгөн.

Биринчи Май райондук соту аны бир жылга эркинен ажыратуу менен жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарган. Жазасын өтөгөндөн кийин орус жаран Кыргызстандан чыгарылат.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12613