Медайымдык жана акушердик иш багыттары боюнча бакалавр, магистр программалары киргизилет
RU

Медайымдык жана акушердик иш багыттары боюнча бакалавр, магистр программалары киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Медайымдык иш" жана "акушердик иш" багыттары боюнча бакалавриат жана магистратура программалары киргизилет. Бул туурасында Министрлер кабинетинин 29-майдагы кезектеги отурумунда белгилүү болду.

Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн отурумда жалпы 15 маселе каралды. Алардын бири - "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, "медайымдык иш" жана "акушердик иш" багыттары боюнча бакалавриат программаларын киргизүү пландаштырылууда, окуу мөөнөтү 4 жылды түзөт. Окууну аяктаган соң, медайымдык иш боюнча бакалавр, акушердик иш боюнча бакалавр квалификациясы ыйгарылат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Майлуу-Суу медициналык колледжинин баракчасынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12620