Чүй каналына чөккөн балдарды куткарып калган окуучу сыйланды
RU

Чүй каналына чөккөн балдарды куткарып калган окуучу сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан эки баланы куткарып калган мектеп окуучусу сыйланды. Борбор калаа башкармалыгынан билдиришкендей, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков каарманыбыз Даниил жана анын апасы Ирина Петровна менен жолугушту.

Окуучуга өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги үчүн район башчысы чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациянын "Ардак грамотасы" менен сыйлады. Ал эми ушундай камкор уулду тарбиялаганы үчүн апасына муниципалдык администрациянын "Ыраазычылык каты" тапшырылды.

Эске салсак, өткөн аптада 16 жаштагы Даниил Дриго Чүй каналына чөгүп жаткан эки баланы көрүп, суудан алып чыккан. Өспүрүм машыгуудан кайтып келе жаткан учурда жардам сурап кайрылган үндөрдү уккан.

Даниил №52 орто мектептин 9 "А" классынын окуучусу. Ал кайык спорту менен алектенет, спорттун чебери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12622