5 күндөн бери издөөгө алынган 14 жашар Айбийке табылды
RU

5 күндөн бери издөөгө алынган 14 жашар Айбийке табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери беш күн мурда үйдөн чыгып кеткен бодйон жоголуп кеткен өспүрүм кызды табышты.

Эске салсак, 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин ИИБсине жергиликтүү тургун Ж.А. 2006-жылы туулган кызы Айбийке Мамбеталиеваны таап берүү арызы менен кайрылган. Ал "Ак-Өргө" жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайра кайтып келген эмес.

12-апрелде болжол менен саат 22:00до милициялар өспүрүмдү шаар ичинен алты саны аман табышкан.

Ленин райондук ИИБнин Жашы жете электердин иши боюнча инспекторлор жана криминалдык милиция кызматынын ыкчам тергөөчүлөрү Айбийкенин ата-энеси менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Учурда милиция кзыматкерлери иштин чоо-жайын иликтеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1263