Кримавторитет Казак менен шериги СИЗОдон чыкты
RU

Кримавторитет Казак менен шериги СИЗОдон чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто опузалап талап кылууга шектелип кармалган уюшкан кылмыштуу топтун Казак каймана аттуу мүчөсү менен шериги СИЗОдон чыкты. Kaktus.kg`ге Ош ШИИБден билдиришкендей, тиешелүү чечимди сот чыгарды.

"Казак жана анын шериги 30-майда Ош шаардык соту тарабынан жашаган жеринен алыска чыкпоо шарты менен бошотулду. Алар СИЗО-5те отурушкан. Ош шаардык сотунун чечимине милиция комментарий бербейт", - дешти шаардык башкармалыктан.

Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан май айында 1981-жылы туулган М.У. (каймана аты "Казак") жана анын кылмыштуу шериги - 1978-жылы туулган Ж.А. кармалышкан. Экөө теӊ мурда бир нече ирет соттолушкан.

Кармалгандар 2022-жылы Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургунунун Toyota Camry 70 (чыккан жылы 2020) унаасын коркутуу жолу менен тартып алышып, Ош шаарында башка жаранга сатып жиберишкен.

Бул факты боюнча 208-берене ( опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Ош шаарындагы SKY-bar түнкү клубунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12661