Прокуратура ЖКдан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды
RU

Прокуратура ЖКдан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш берди. Бул тууралуу парламенттин 31-майдагы жыйынында спикер Нурлан Шакиев билдирди.

Ал Жогорку Кеңеш сунушту 48 сааттын ичинде карап чыгышы керектигин айтып, маселени парламенттин кароосуна алып чыгып, комиссия түзүүнү сунуштады.

"Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизди. Регламентке ылайык, сунушту регламентке коюп, атайын комиссия түзүү үчүн күн тартибине коём", - деди ал.

Күн тартибине коюу боюнча сунуш добуш берүүгө коюлду. Кийин комиссия түзүлөт. Буга 46 депутат "макул", 2 депутат "каршы" болду.

"Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Кылмыш-Жаза кодексинин 36-беренесинде, 278-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 326-беренесиндеги кылмыштарды жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүүңүздөрдү өтүнөм. Экинчиси, Адахан Мадумаровду Кылмыш-Жаза кодексинин 338-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүүңүздөрдү өтүнөм" деп башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш келди", - дейт Шакиев.

Түзүлгөн комиссиянын курамына:

  • Карим Ханджеза ("Мекенчил" депутаттык тобу);
  • Кундузбек Сулайманов ("Ата-Журт Кыргызстан");
  • Динара Ашимова ("Ыйман Нуру");
  • Миргүл Темирбаева ("Ишеним");
  • Гуля Кожокулова ("Бүтүн Кыргызстан");
  • Мурадил Сыдыков ("Ынтымак");
  • Фархад Алимжанов ("Альянс");
  • Мирлан Самыйкожо ("Элдик" депутаттык тобу).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12663