Шаирбек Ташиев Казакстанда Кыргызстандын ишкерлеринен акча талап кылынып жатканын билдирди
RU

Шаирбек Ташиев Казакстанда Кыргызстандын ишкерлеринен акча талап кылынып жатканын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шаирбек Ташиев Казакстанда кыргызстандык ишкерлерден акча талап кылынып жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында ал депутаттардын тобу Япония жана Түштүк Кореяга барып, мигранттар менен жолугушканын билдирди.

"Ишкерлер Кыргызстанга атайын техникаларды жөнөтүп жатканын айтышты. Пломбаланган контейнерлер Казакстанда текшерилип жатат. Текшерүүдөн кийин айрым тетиктер жоголуп, ошол жакка алып кетишет. Контейнерлерди ачпоо үчүн 800-1000 доллар сурап жатышат. Ушул маселени карап көргүлө. Чет өлкөдө иштеп жүргөн ишкерлерибизди колдоого алышыбыз керек", - деди Ташиев тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевге кайрылып.

Тышкы иштер министринин орун басары бул боюнча ведомство Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине тиешелүү тапшырма бере турганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12667