Мадумаров: "Садыр Жапаров бийликке келген күндөн баштап араздашып келе жатам"
RU

Мадумаров: "Садыр Жапаров бийликке келген күндөн баштап араздашып келе жатам"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 31-майда маалымат жыйын өткөрдү. Буга башкы прокурордун депутатты кылмыш жообуна тартуу сунушу себеп болду. Мадумаров маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө комментарий берип жатып Садыр Жапаров бийликке келген биринчи күндөн баштап пикири келишпей жатканын айтты.

"Биз Исхак Масалиев экөөбүз отурасак, жаныбызга келип "момундай жол менен барабыз" деди. Мен каршы болуп, ал Конституцияга каршы келет" дедим. Андай жол менен барсаңыздар Баш мыйзам бузулат дедим. Мына ошол күндөн баштап экөөбүздүн пикирибиз такыр дал келбейт", - деди Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Булар биринчи бийликке келип, отурганда кыйшык отурушкан.

Мадумаров прокуратуранын ага карата Жогорку Кеңештен кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат суроосунун дагы бир себеби Конституциялык сотко кайрылганында экенин да кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12674