Июнь окуясында милицияны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды (видео)
RU

Июнь окуясында милицияны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелген Сузак районунун эки тургуну кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 27-майында УКМК тарабынан Сузак районунун аймагында 1984-жылы туулган И.Ш.А. жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

Алар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле милициянын подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.

Бул боюнча кылмыш иши кайрадан козголуп, кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда коопсуздук комитети көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө. УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12687