Жалал-Абадда эртең менен жер титиреди
RU

Жалал-Абадда эртең менен жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институнун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 1-июнда саат 09:21де болду.

Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында 4,5 балл, ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12691