Жумуштан кетирүү керекпи? "Крокодил" темасы парламентте кайрадан талаш жаратты
RU

Жумуштан кетирүү керекпи? "Крокодил" темасы парламентте кайрадан талаш жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбекова бүгүн, 1-июнда парламенттин жыйынында Дипломатиялык академиянын окутуучусу Айнур Жоробекованы коргоп сүйлөдү.

Эске салсак, буга чейин Жоробекова "Валдай" форумунун дебаттарында Кыргызстандын ЖОЖдорунда орус тилинде окутуу басымдуулук кылып, ал "улуттук крокодилдер" арасында нааразычылык пайда кылып жатканын айткан. Андан соң бир катар депутаттар Жоробекованы кызматтан алуу талабын коюшту.

Депутат Темирбаева мугалимди жумуштан кетирбөөнү суранды.

"Ал өзү кечирим сураган. Депутаттар аны кызматтан алууну сунуштап жатышат, бирок менин оюмча, баары жаңылып жатат. Биз анын кандай патриот экенин билебиз. Буга байланыштуу мен аны жумушунда калтырууну сунуштайм. Жоробекова буга чейин эле сөгүш жана коомдук айыптоо жазасын алган", - деди ал.

Кесиптешинин сөзүнө депутат Камилла Талиева "адвокат болбогула" деген талап менен жооп берди.

"Улуттун шылдыңдалышына жол бербейм. Ал адам вундеркинд болсо да кыргыздарды шылдыңдап жатат. Ошондуктан аны жоопко тартып, жумуштан кетириш керек. Биз ушуну талап кылабыз! Унчукпай отура берсек, эртең кайра чыгышат. Кыргыз тили коргоону талап кылат, улут үчүн күйүшүбүз керек", - деди ал.

Буга жооп кылып Темирбекова Талиевага комментарий берүү үчүн эскертүү берүүнү талап кылды.

"Жогорку Кеңеште өзүбүздүн оюбузду айтсак болот. Регламентке ылайык, депутат башка бирөөнүн пикирине комментарий бере албайт. Андыктан бул аракеттери үчүн ага эскертүү берүүңүздөрдү суранам", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12694