Люксембург айылындагы мектептен чыккан өрт толук өчүрүлдү. Видео
RU

Люксембург айылындагы мектептен чыккан өрт толук өчүрүлдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Люксембург айылындагы мектепте бүгүн, 1-июнда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 14:54дө толук өчүрүлгөнүн кабарлады.

Такталгандай, Люксембург айылындагы Я.Ваккер атындагы орто мектептин чатырынан чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 4 күжүрмөн эсеп, "Кант" авиабазасынан 1 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп, айыл аймактын 2 суу ташуучу унаасы, ошондой эле автошаты тартылган. Тилсиз жоо саат 14:40та чектөөгө алынып, бат эле өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12697