Орозо айынын онлайн-календары MEGA24 тиркемесинде
RU

Орозо айынын онлайн-календары MEGA24 тиркемесинде

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

MegaCom компаниясы быйылкы жылдын 13-апрелинде башталчу, жүрөктө боорукерликти жана ыйманды ойготкон ыйык Рамазан айынын кирип келиши менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктайт.

Ушул ыйык айда MegaCom'дун ар бир абоненти MEGA24 тиркемесиндеги Орозо айынын онлайн календары менен колдоно алышат (App Store жана Google Play'ден жүктөп алууга жеткиликтүү).

Сервистин колдонуучулары "МегаПортал" бөлүмүнөн ооз ачуу жана ооз бекитүү убактылары, облустар ортосундагы убакыттын айырмачылыктарын, ооз ачуу жана бекитүү боюнча (сухур/ифтар) таймер жана башка актуалдуу маалыматтарга ээ болушат.

Ыйык Орозо айынын алдында MegaCom уюлдук оператору кыргызстандыктарга тынчтык, ынтымак жана амандык каалайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1269