Россия Кыргызстанга Ми-8 тик учагын берет
RU

Россия Кыргызстанга Ми-8 тик учагын берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында атайын суу төгүүчү түзүлүш менен жабдылган Ми-8 тик учагын өткөргөнү жатат. Бул тууралуу РФнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдаган.

"Техникалык жардам көрсөтүү долбоорунун уландысы катары быйыл Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ми-8МТВ-1 тик учагын ВСУ-5 суу төгүүчү аппараты менен толуктап берүүнү пландаштырууда", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 2023-жылдын март айында Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Россияда чыгарылган 40 өрт өчүрүүчү унаа Кыргыз Республикасына берилген. Атайын техниканы тапшыруу аземине министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12700