2022-жылы Кыргызстанда 4 миңге жакын бала асырап алынган
RU

2022-жылы Кыргызстанда 4 миңге жакын бала асырап алынган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы Кыргызстанда 4 миңге жакын бала асырап алынган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын жана "Ак-Жол" реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап жатып айтты.

"Өткөн жылдан бери майыптыгы бар балдарга жөлөк пул эки эсеге көбөйтүлүп, "Келечек" реабилитациялык борбору ачылды. Анда өзгөчө балдар ар кандай кызматтарды ала алышат. 2022-жылы 4 миңден ашык бала асырап алуу, камкордукка алуу, фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштыруу аркылуу үй-бүлө тапты", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12702