Бишкекте батирден өрт чыгып, үй ээси күйүк алды
RU

Бишкекте батирден өрт чыгып, үй ээси күйүк алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыгып, кожоюну күйүк алды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирити.

Маалым болгондой, 1-июнь күнү Свердлов районунун А.Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан батирде өрт чыккан. Жерине саат 15:21де 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 15:44тө толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен балкондо турган 2 чарчы метр кышки кийимдер күйгөн. Ал эми үй ээси эки колунан (чыканактан ылдый) болжол менен 10-15% күйүк алып, "Тез жардам" менен №4 шаардык ооруканага жеткирилди. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12711