Ошто бүтүрүүчү унааны уруксатсыз айдап чыгып, кырсыкка кабылды. Каза болгондор бар
RU

Ошто бүтүрүүчү унааны уруксатсыз айдап чыгып, кырсыкка кабылды. Каза болгондор бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында айдоочу рулга ээ боло албай, каналга түшүп кетти. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду дешет шаардык милициядан.

Маалым болгондой, 2-июнга караган түнү саат 02:00 чамасында Озгур айылында Honda Fit унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, каналга түшкөн. Анын кесепетинен айдоочу жана эки жүргүнчү каза болду. Алар:

  • 2006-жылы туулган Т.Б. - Озгур айылынын тургуну, Ак-Буура мектебинин бүтүрүүчүсү. Алгачкы маалыматына ылайык, рулда болгон;
  • 2008-жылы туулган Т.К. - Озгур айылынын тургуну, Ош шаарынын С.Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-класынын окуучусу;
  • 2008-жылы туулган К.Н. - Калдай айылынын тургуну, мектеп окуучусу. Ал тууганы Т.К.нын үйүнө конокко келген.

Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, Т.Б. атасынын унаасын уруксатыз айдап чыгып, Озгур айылынын Тотоев көчөсү аркылуу батыштан күн чыгыш тарапты көздөй айдап бара жаткан. Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери башталды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12715