Айдоочу менен инспектордун урушу. Сөгүнгөн жол тескөөчүгө кызматтык иликтөө башталды
RU

Айдоочу менен инспектордун урушу. Сөгүнгөн жол тескөөчүгө кызматтык иликтөө башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Инспектор менен айдоочунун урушуп жаткан видеосу соцтармактарга тарады. Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына окуя Панфилов районунда болгонун билдиришти.

Белгилүү болгондой, видео 31-майда тартылган.

"Панфилов РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол эрежесин бузгандыгы үчүн 22000 миң сом айып пул төлөбөй жүргөн айдоочуну аныкташкан. Алар унааны убактылуу айып короосуна токтотуп жаткан учур видеого тартылган. Ал эми инспектордун сөгүнгөнү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат", - дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12726