Жанар Акаев: Депутаттар Ташиевден коркушат, ага туруп алып кол чабышат
RU

Жанар Акаев: Депутаттар Ташиевден коркушат, ага туруп алып кол чабышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жанар Акаев журналист Али Токтакуновго интервью берип, өлкөдөгү акыркы окуялар туурасында жеке пикири менен бөлүштү.

Анын айтымында, учурдагы парламент Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын көздөгөн жана ишке ашырып берген парламент. "Жапаров азыркы депутаттарды мактап, тарыхта кала турган парламент, деди. Элдин 95%ы азыркы парламентти, бизди сөгүп, каргап отурат. Бирок, бул парламент Жапаровго аябай жакты", - деди Акаев.

Эмки парламенттин курамы азыркы парламенттен да начар болушу мүмкүн. Элге жагынуу үчүн депутаттардын санын 90го кыскартты. Азыртадан, менин маалыматым боюнча, эмки парламентке кимдер келет чечип жатышат. Маселе 50%га чечилди.

Азыркы депутаттардын катарындагы бай депутаттар сүйүнүп жүрүшөт, мен маселемди чечип алдым, деп.

Ошондой эле, Жанар Акаевдин айтымында депутаттар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдиен коркушат. Жерибизди, суубузду коргойбуз деген депутаттар чыгып, тиш кайтарышы мүмкүн. Бирок, депутаттардын 90%ы бизнестен келген.

Өткөндө Ташиев келгенде коррупцияонерлердин жегендерин кустурабыз, деп айтканда арт жакта отурган депутаттардын бири ордунан тура калып кол чаап жиберди.

Барыбызга күлкү болду. Буга чейин ГКНБнин жетекчилери келип сүйлөгөндө эч ким ордунан тура калып кол чапкан эмес, - деп Жанар Акаев интервьюсунда айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1272