Бишкектеги түнкү клубда кыздар катуу сабалды (видео)
RU

Бишкектеги түнкү клубда кыздар катуу сабалды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгисиз адам "Sky Baku" клубунда кыздарды катуу сабаган. Сот аны бошотту. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, мындан бир нече апта мурда Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Sky Baku" түнкү клубунда белгисиз адам оозеки пикир келишпестиктен кийин эки кызды сабап салган.

Шектүү камакка алынып, бирок Бишкектин Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы аны үй камагына чыгарган. Жабырлануучулар тосмо арыз жазган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Свердлов райондук соту борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан түнкү клубдун жанынан кызды катуу сабаган дагы бир жаранды үй камагына чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12741