Кызыл-Кыя шаарындагы мектепте "Ислам мамлекетинин" желеги илинген. Бүтүрүүчүлөр кармалды
RU

Кызыл-Кыя шаарындагы мектепте "Ислам мамлекетинин" желеги илинген. Бүтүрүүчүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тыюу салынган эл аралык "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги Баткендеги мектептин бирине илингенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, желек 25-майда Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов мектебинин аймагынан бүтүрүүчүлөргө арналган баннердин жанында табылган. Анда ар кандай жазуулар калган.

УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш ишинин алкагында аталган мектептин 3 бүтүрүүчүсү аныкталды.

2-июнда мектеп окуучуларынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, алардан тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга байланыштуу көп сандагы адабияттар жана видеоматериалдар табылган. Алар экспертизага жөнөтүлдү.

Маалым болгондой, кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан орто мектептин аймагына илинген "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видеотасма табылган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12742