Анкарада инаугурация аземи аяктады: Эрдоган президенттик кызматка кайрадан киришти
RU

Анкарада инаугурация аземи аяктады: Эрдоган президенттик кызматка кайрадан киришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын президенти кызматына расмий киришти деп жазат Anadolu.

Агенттиктин маалыматына караганда, инаугурация аземи Анкарадагы өлкөнүн парламентинин имаратында өтүп, анда Эрдоган ант берип, Түркия парламентинин убактылуу төрагасы Девлет Бахчели мамлекет башчысына шайлоодо жеңишке жетишкенин көрсөткөн документти тапшырды.

Anadolu ошондой эле аземге дүйнөнүн 78 өлкөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышканын тактады. Россиядан тараптан Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин катышты.

Режеп Тайып Эрдоган 2014-жылдан бери Түркиянын президенти. Ага чейин 2003-жылдан бери өлкөнү премьер-министр катары жетектеп келген.

28-майда Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Эрдогандын 52,14% добуш менен жеңгенин жарыялаган. Анын атаандашы, оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12750