Нарын театры Казань шаарындагы фестивалга катышат
RU

Нарын театры Казань шаарындагы фестивалга катышат

Все самое интересное в Telegram

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры Татарстандын Казань шаарына барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, коллектив 5-11-июнь күндөрү XVI эл аралык түрк тилдүү элдеринин "Наурыз" театралдык фестивалына катышат.

"Театр залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" саунддрамасын тартуулайт", - деп айтылат маалыматта.

Спектаклдин режиссёру Улан Өмүралиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12763