Песков: Кремль Кыргызстандагы төңкөрүш аракетине тынчсызданууда
RU

Песков: Кремль Кыргызстандагы төңкөрүш аракетине тынчсызданууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия бийлиги төңкөрүш аракети тууралуу Кыргызстандан келип жаткан кабарларга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Vesti.ru Песковдун Кыргызстанда УКМКнын "мамлекеттик төңкөрүшкө" даярданып жаткандардын массалык кармалышы боюнча маалыматка берген комментарийине таянып жазды.

"Азырынча абдан тынчсыздандырган кабарлар келип жатат. Ошондуктан биз андай маалыматтарга тыкыр көз салып жатабыз", - деди Песков кырдаалга комментарий берип жатып.

Ошол эле учурда ал Кремлде бул маселе боюнча толук маалымат жок экенин белгиледи.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери мамлекеттик төңкөрүш жасоого камданып жаткан болушу мүмкүн болгон адамдарды массалык түрдө кармоо иштерин жүргүзүшкөнү маалымдалган. Ошол эле учурда УКМК бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Азырынча так ким кармалганы белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12777