Республиканын 75 спорт мектебинде балдар жана жаштар акысыз машыга алышат
RU

Республиканын 75 спорт мектебинде балдар жана жаштар акысыз машыга алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республиканын 75 спорт мектеби акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтөт

Урматтуу жарандар, сиздер "Балдарды жана жаштарды спорттун түрлөрү боюнча машыктыруу" мамлекеттик кызматын 75 уюмдан (ОРБӨМ, БӨМС) ала аласыздар. Бул тууралуу Спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Бул мамлекеттик кызмат Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагындагы дене тарбия жана спорт мекемелеринде бүткүл республика боюнча акысыз көрсөтүлөт.

Балдар, өспүрүмдөр жана 28 жашка чейинки жаштар төмөндө көрсөтүлгөн документтерди берип, спорттун түрлөрү боюнча ар түрдүү секцияларга жазылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кеңири маалыматты Мамагенттиктин sport.gov.kg сайтынын "спорттук мектептердин маалымат базасы" бөлүмүндө көрө аласыз:

  • эркин формадагы арыз;
  • 086 белгиленген формасындагы медициналык маалымкат;
  • жашы жете электер үчүн ата-энелердин эркин формадагы жазуу жүзүндөгү уруксаты;
  • ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөсү;
  • 3x4 өлчөмдөгү (4 даана) фотосүрөт.

Кошумча суроолор боюнча 0312 32-53-02, 0704 66-61-12 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1277