Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

6-июнда саат 03:11де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Сузак районунун Кара-Чолок жана Таран-Базарында 3 балл, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак жана Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Орказган айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12784