Кой-Ташта жоокер октон жаракат алды
RU

Кой-Ташта жоокер октон жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-июнда Чүй районунун Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери октон жараат алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, октон жаракат алган аскердин өзүнүн куралга этиятсыз мамиле кылуусунун натыйжасында болгон.

"Борбордогу клиникалардын биринде ага шашылыш операция жасалды. Учурда аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык", - деп билдиришти министрликтен.

Негизги иллюстрациядагы сүрөт: Zen

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12803