Күн катуу ысыйт. Аномалдуу ысыктан сактануу жолдору
RU

Күн катуу ысыйт. Аномалдуу ысыктан сактануу жолдору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алдыдагы бир нече күн температуранын кескин жогорулашы күтүлүүдө. Мындай ысыкка жүрөк-кан тамыр системасы жана өнөкөт оорулар менен жабыркагандарды бери кой, ден соолугу чың адам чыдабайт. Буга байланыштуу республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери организмге кантип кам көрүү керек экенин айтып беришти.

Аномалдуу ысыктан сактануу үчүн жалпы сунуштар:

- мүмкүн болсо, күндүн эң ысык маалында сыртка чыкпай, көлөкөдө болууга аракет кылыңыз;

- ысыктан коргоо үчүн баш кийим жана табигый кездемеден тигилген жеңил, ачык түстүү кийимдерди кийиңиз. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келет;

- көбүрөөк суюктук (2,5-3 литр) ичиңиз, кайнатылган, бөлмө температурасында муздатылган, лимон кошулган суу болсо болот, же газсыз минералдык суу, муздак көк же кара чай;

- газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден баш тартыңыз;

- суу өтө муздак болбосун, анткени ысыкта тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт, анткени иммунитет төмөндөйт;

- сууга түшүү - денени муздатуунун жакшы жолу, бирок коопсуздук эрежелерин сактоо керек, спирт ичимдиктерин ичүү сунушталбайт;

- уруксат берилбеген жердеги сууга түшүүгө тыюу салынат;

- күндөн коргоочу кремди колдонуңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12805