Ошто үч мектеп окуучусунан коронавирус аныкталып, эки мектеп карантинге жабылды
RU

Ошто үч мектеп окуучусунан коронавирус аныкталып, эки мектеп карантинге жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында эки мектеп окуучусунда коронавирус аныкталды. Алар окуган эки мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде, Kaktus.media редакциясына түштүк борбордун мэринин катчысы Азамат Абсаттров маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн 14-апрелде муниципалитет "Олимп" жана "Жетиген" мектептерин 14 күнгө карантинге жабуу чечимин кабыл алган. Анткени үч окучууда коронавирус аныкталган.

"Башка окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында мектептер 14 күнгө жабылды. Окуучулардын бири үй-бүлөсүнөн жугузган, калган экөө кайдан оору жугузганы белгисиз. Мугалимдердин арасында COVID-19 аныкталган эмес. Окутуу онлайн форматта өтөт", - деп Абсаттаров билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1281