БШКнын алдына митингге чыккандарга чатыр тиккенге уруксат берилген жок
RU

БШКнын алдына митингге чыккандарга чатыр тиккенге уруксат берилген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-апрелде шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиянын өкүлдөрү каршылык акциясын улантышты. Акция БШКнын алдында өтүп жатат.

Митинг өтүп жатканына үчүнчү күн кетти. Анын катышуучулары Боршайкомдун алдына чатыр тигүүнү чечишкен. Бирок, укук коргоочу органдардын өкүлдөрү аларга уруксат беришкен жок.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешке өткөн шайлоодон кийин Кыргызстандын декмократия кыймылы, Кыргызстандык коммунистер партиясы, "Улуу Журт", Кыргызстандын социалисттик партиясы ж.б. шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Митингге чыккандардын айтымында, Бишкектин шаардык кеңешине өткөн шайлоо мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүп айрым партиялардын өкүлдөрүнүн атына арыз жазууну чечишкен. Милиция кызматкерлери мтингге чыккан сегиз партиянын ичинен экөөнө айып пул жазып, чатырын алып коюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1282