Бишкектеги кампалардан чоң өрт чыкты. Куткаруучулар баллондордун жарылуусун алдын алышты
1992
Бишкектин Октябрь районуна караштуу "СырБазанын" кампасында чоң өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 9-июнга караган түнү Матросова көчөсүнүн боюнда жайгашкан кампалардан өрт чыккан.
Окуя болгон жерге 10 өрт өчүрүү кызматы, ички иштер органдарынын 3 бригадасы, тез жардам бригадасы жана "Тазалык" ишканасынын суу ташуучулары келишкен.
Өрт саат 04:39да чектөөгө алынып, өчүрүү иштери уланууда.
slide 2 of 6
Өрттүн аянты болжол менен 3,8 миң чарчы метрди түзгөн. Өрт өчүрүүчүлөр кампалардагы ламинаттарды, курулуш материалдарын, эшиктерди, жуучу каражаттарды, ошондой эле 22 кычкылтек баллондорун, жарылуу коркунучу бар 5 газ баллондорун өрттөн сактап калууга жетишкен.
А бул сүрөттөрдү kaktus. media редакциясынын катталуучулары жиберген
slide 2 of 6
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/12847