Ысык-Көл менен Бишкекте дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форуму өтөт
RU

Ысык-Көл менен Бишкекте дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форуму өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" улуттук академиясы эпос айтуучулук өнөрүнүн тарыхында алгачкы жолу Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форумун өткөрөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, форум Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында 15-июндан 18ине чейин болот. Ага алтай, башкыр, бурят, монгол, өзбек, тува, хакас жана якут элдеринин эпос айтуучулары келишет.

"Форумда айтуучунун азыркы коомдогу орду, ролу жана келечеги талкууга алынат. Анткени эпосу жана айтуучусу бар ар бир элдин улуттук мүнөздөгү көйгөйлөрү бар. Аларды чечүүдө эпос да, анын айтуучусу да өзгөчө роль ойнойт. Ошондуктан ушул өңдүү суроолорубузду аныктап чечүү үчүн форум дүйнө элдеринин эпос айтуучулары менен таануучуларынын башын бириктирип, эл аралык уюм түзүү максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чара илимий эмес, эркин диалог форматында өткөрүлөрү белгиленди.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12867