Бишкекте резонанс жараткан үч кишинин өлүмү. Иш сотко өттү
RU

Бишкекте резонанс жараткан үч кишинин өлүмү. Иш сотко өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 5-кичи районунда үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш иши сотко өттү. Бул маалыматты Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында саат 21:00дөр чамасында милицияга 5-кичи райондон үч адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ үчөө тең - аял, кыз жана бала каза болгонун аныкташкан. Эртеси милиция кызматкерлери бул коркунучтуу кылмышка шектүүнү кармашкан.

Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу тургун кармалган. Кол күрөш боюнча спорттун чебери, кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын ээси, дене тарбия жана спорттун отличниги. Шектүү жаран Жогорку Кеңештин Баткен району боюнча депутаттыгына талапкер болгон, УКМКнын 9-кызматында да иштеген.

Учурда ал СИЗО-1ге киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12868