Сот Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындады
RU

Сот Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-апрелде, Кой-Таш окуялары боюнча соттук процесс учурунда Биринчи май райондук соттун судьясы Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалына баа бере турган соттук-медициналык экспертизаны дайындоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Kaktus.media'га Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Ошону менен Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүү экспертиза бүткөнгө чейин токтотулду.

"Ошондой эле, бүгүнкү соттук отурумда Равшан Жээнбеков болгон жок. Экс-депутаттын жактоочулары сотко анын ооругандыгы тууралуу маалымкатты көрсөтүштү, ал коронавирус жугузган болушу мүмкүн", - деди Жолдубаева.

Эске салсак, учурда Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча жана 9-октябрда массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы үчүн СИЗОдо камакта отурат. Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаев 11 жылга кесилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1286