Айдай Маразыкова: Жаңы билим – менторлук программадан алып кете турган маанилүү баалуулук
RU

Айдай Маразыкова: Жаңы билим – менторлук программадан алып кете турган маанилүү баалуулук

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сиздер июнь айынын ар бир экинчи жекшембиси эмне майрам экенин билесиздерби? Ал күнү жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилейт.

Ушул майрамдын алдында биз ЕРӨБдүн "Бизнестеги аялдар" программасынын үчүнчү сезонунун ментиси Айдай Маразыкова менен анын жашоосундагы негизги баалуулуктар жана ата мекендик жеңил өнөр жайдын абалы жөнүндө маектештик.

Айдай үч баланын бактылуу апасы, камкор аял жана 34 жашында чыныгы "Империяны" түзүүгө жетишкен ийгиликтүү бизнес-леди. Ал 2016-жылы аялдар кийимин өндүрүүчү IMPERIA factory тигүү ишканасын негиздеген. Айдай негизи кесиби боюнча IT-адиси, бирок маалыматтык технологиялар дүйнөсүндө көпкө иштеген жок. Бирок Дубайдагы Address EMAAR group, Rivoli сыяктуу компанияларда иштеп көрүп, ритейл тармагында чекене сатуу боюнча зор тажрыйба топтогон. Ал эми бекем жана узакка созулган өз ара алакалар жеңил өнөр жай тармагында түптөлдү – Айдай бул тармакта алты жылдан ашык убакыт иштеп келет.

"Биз "Империяны" эжем экөөбүз биргелешип иштеп түптөдүк. Мен өндүрүштү көзөмөлдөдүм, ал дүңүнөн сатуу менен иштеди, - деп Айдай айтып берди.

"Бишкекте биздин бир нече филиалыбыз иштейт жана ар биринин өз багыты бар. Шым, жакет, көйнөк, спорттук костюмдарды тигебиз", -дейт ал.

Ал Кыргызстандын рыногунда жеңил өнөр жай сектору кеңири жайылганын белгилейт.

Тигүү цехтери ашыгы менен жетиштүү, бирок ишкерлер аткаруучуну тандай баштаганда жагымсыз көрүнүшкө туш болот: буйрутмалар кечиге баштайт, технологиялар сакталбайт, жараксыз өнүм көп.

"Ишти жакшы жасагың келсе өзүң жаса", - деген Айдай өзүнүн жеке өндүрүшүн ачууну чечет. Азыр IMPERIA factory бул тармактан өз ордун тапты жана башкалар менен ишти так аткаруу жана сапат стандарттарын сактоо аркылуу ийгиликтүү атаандашып келет.

"Азыркы учурда цехтердин саны мурдагыдан дагы көбөйдү. Атаандаштык күн санап өсүп, кол күчү жетишпей жатат. Андыктан биз үйрөнчүк тикмечилерди массалык түрдө тигүү ишине окутуп баштаганга чейин кадр тартыштыгы сактала бермекчи - кийим өндүрүүчү ата мекендик тигүү секторундагы кырдаалды ушундай сүрөттөйт.

Европалык бренддердин Орусия рыногунан кетиши менен Кыргызстандын рыногунда кийим тигүүгө талап кескин өстү. Тармактын зор дарамети бар, бирок буга мыйзамсыз ишмердүүлүк жолтоо кылып жатат: анткени көбү салык төлөбөйт. Товарларды маркалоо, электрондук товар транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) системасына байланыштуу эске алынбаган маселелер толук чечиле элек, даяр өнүмдү экспорттоодо татаалдыктар бар".

Бирок жагымдуу жылыштар дагы байкалууда. Пандемиядан кийин көпчүлүк фабрикалар өз ара бирикти жана бири бирине кеп-кеңештен жардам берип, тажрыйба бөлүшүп, мурдагыдан ынтымактуу болуп калды. Атүгүл жылына 3-4 жолу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетимдерге, ДЦП балдарга жана карылар үйүнүн жашоочуларына колдоо көрсөткөн чоң кампанияларды өткөрүп турган кайрымдуулук фонддорун да уюштурушту ("Нурлуу кайрымдуу кыздар жамаат", "Датка айымдар").

"Кайсы иште болбосун жаңы билимге умтулуу - кыймылдаткыч фактор болуп калышы керек", - деп Айдай Маразыкова ишенет. Ушул ой ишкер айымга ЕРӨБдүн "Бизнестеги аялдар" ментордук программасына катышуу үчүн анкета толтурууга түрткү берген.

"Мен окуганды жактырам. Мага дайыма ишке жаңы ыкмаларды киргизүү, өсүү, ишти сапатын жакшыртуу жагат. Тажрыйбалуу насаатчылардан пайдалуу маалымат алуу – бул– менторлук программага катышуудан алып кете турган эң маанилүү баалуулук. Жаңы тажрыйба мага жаңы максаттарды коюуга жана аларга жетишүүгө жардам берет деп ишенем", - деп кошумчалады үчүнчү сезондун ментиси.

Бул максаттар болсо абдан дымактуу. Айдай өз өнүмү менен Европа рыногуна чыгууну пландап жатат. Ишкерге ушул максаттарын жүзөгө ашырууга Германиялык насаатчы колдоо көрсөтмөкчү, бул өлкө тигүү тармагындагы эң алдыңкы автоматташкан системалары менен белгилүү.

"Бардык кесиптештериме ийгилик, өсүп-өнүгүү, жакшы тапшырык жана жалаң жакшы эмоциялардан чарчоону каалайм. Кыргыз жеңил өнөр жайынын зор экспорттук дарамети бар. Мен биздин өлкө ушул тармактан өз ордун ээлейт жана мыкты экспортерлордун бири болуп калат деп ишенем", - деп Айдай Маразыкова сөзүн жыйынтыктады.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын "Бизнестеги аялдар" насаатчылык программасы Cherie Blair Foundation for Women менен өнөктөштүктө #WeFi Аялдардын ишкердигин колдоо фондунун колдоосу, Швейцариянын Өкмөтү аркылуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Чакан Бизнес Фонду (Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБ жана АКШ Техникалык Кызматташтык Бизнес Фонду) менен ишке ашырылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12873