Адинай Айталиева: "Мени тигүү бизнесине эркиндикке жана креативге умтулуу алып келди"
RU

Адинай Айталиева: "Мени тигүү бизнесине эркиндикке жана креативге умтулуу алып келди"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн - Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик күнү. Биздин программанын төрт катышуучусу тигүү бизнеси менен иштегендиктен, биз ушундан пайдаланып, алардын бири жөнүндө жазууну чечтик. Анда таанышып алыңыздар, Адинай Айталиева, TEINA mode брендинин негиздөөчүсү.

Адина кесиби боюнча менеджер, бирок ал өзүн кийим тигүү ишинде мыкты көрсөтө алды. Ага бала кезинен бөтөнчө жана татаал фактураларды айкалыштыруу жакчу. Турмушка чыккандан кийин сүйүктүү ишке тартылуусуна кийим тигүү цехи бар кайын энеси себепчи болот – анда бир жыл иштегенден кийин Адинай бул кесиптин ички сырларын жакшы өздөштүргөн. Анан ага 2018-жылы "Куликовский" кондитердик үйү үчүн жумуш формасын тигүү сунушталат.

Кийин башка дагы тапшырыктар келе баштайт

"Мага көбүрөөк эркиндик жана креатив керек болду жана бул менин кафе, ресторандар үчүн жумуш формасын жана уюмдарга мерч тигип берүүгө баш отум менен киришүүмө себеп болду. Бирок төрт жыл иштегенден кийин өсүш үчүн жаңы багыттарды издей баштадым. Мындан ары башка буйрутмаларды алууга жана тапшырык берүүчүлөргө көз каранды болгубуз келген жок. Андыктан 2022-жылы биз өзүбүздүн өнүмдөрүбүздү жеке бренд менен Wildberries маркетплейсине алып чыктык", - деди Адинай.

Ал иштин башында ар түрдүү кырдаалдар болгонун эске салат. Анда өздөрү кетирген каталардан сабак алып үйрөнүүгө туура келген. Техникалык мүчүлүштүктөр да болгон, бул албетте үйрөнчүк тикмечи жана жаш апа үчүн кечиримдүү иш, бирок анын мойнунда бизнестен тышкары үй-бүлөнүн, кичинекей баланын жана үй тиричиликтин милдети бар болчу.

"Биздин өлкөдө аялдарга ушунун бардыгын айкалыштыруу абдан татаал. Жашоонун бардык өңүттөрүн уюштуруу жана тең салмактуулукка жетүү үчүн зор күч-аракет керек. Бирок бул мүмкүн. Негизи биз абдан күчтүүбүз, - деп ЕРӨБдүн "Бизнестеги аялдар" программасынын ментиси ишенет.

Дагы көптөгөн жагдайлар жакындардын колдоосунан көз каранды. Мени кичүү иним дайыма колдоп турду. Биз бренд түзүүдө жана интернет-дүкөндү ишке киргизүүдө бирге иштеп, инвестиция тартпай жана кредит албай эле жакшы ийгиликтерге жетиштик".

TEINA mode бренди менен аялдар кийимдери чыгарылат. Ай сайын алты цех 20 миңден ашык өнүмдү тигип чыгарат, бизнесвумен алар менен аутсорс шартында иштешет. Бирок негизги жумуш кийимдердин сапаты текшериле турган кампада жүрөт.

"Биз кездеме сатып алабыз, модель түзөбүз жана цехтерге зарыл фурнитураны беребиз, андан кийин даяр өнүмдү алабыз. Биз үчүн бул абдан ыңгайлуу схема болуп саналат. Ал эми атаандаштардан озуп өтүүгө биздин өнүмдөрдүн жогорку сапаты мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады ишкер айым.

Анын пикири боюнча, Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын зор дарамети бар. Акыркы жылдары сезилээрлик өсүш болгону байкалды, демек бул татыктуу эмгек акы жана жаңы жумушчу орундар болот дегенди билдирет. Бир жагдай өкүндүрөт: көптөгөн өндүрүш ээлери ишти системага сала албай, эски ыкмалар менен иштөөнү улантууда, ал эми жаңы ыкмалар ишти абдан жеңилдетет. Өлкөдө техниканы жакшы билген тигүүчү-бычмачылар аз, негизинен ишти өз алдынча үйрөнгөндөр иштейт. Билим берүүдөгү кемчиликтер иштин жүрүшүнө терс таасирин тийгизет жана кадрлардын тез-тез алмашуусуна алып келет. Кээде даяр адистерди алуу үмүтү менен өздөрүнүн кадрларын өстүрүүнү каалабаган жетекчилерден дагы көп каталар кетет.

Адинайдын айтымында, тигүү бизнесинде жумушчулардын шык-жөндөмүн өнүктүрүү аркылуу биргелишип иштөө менен гана ийгиликке жетишүүгө болот. Ал үчүн жетекчинин өзүнө адам ресурстарын башкаруу боюнча билим жана тажрыйба керек – ал ЕРӨБдүн "Бизнестеги аялдар" программасына ушул үчүн келген.

"Мага башка ишкерлердин жолу дайыма кызыктуу, анткени ар биринин өнүгүү жолу башка жана өзгөчө болот. Мен үчүн кесиптик чөйрөдө өсүүгө болгон каалоом маанилүү, ал эми насаатчылык программасы – бул жаңы көндүмдөрдү, тажрыйбаны жана билимдеги кемчиликтердин ордун толтурууга эң мыкты мүмкүнчүлүк", - деп бизнесвумен белгилейт.

Программанын катышуучусу ушул билимдерге Африкалык ментордун жетекчилиги алдында ээ болмокчу.

Адинай биринчи эле телефон чалууда Стейси өзүнө абдан окшош адам экенин жана экөө биргеликте жогору натыйжаларга жетише аларына эч шектенбей турганын түшүнгөн.

Биз соңунда TEINA mode брендинин негиздөөчүсүнөн Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик күнүнүн урматына бир ооз сөз айтууну сурадык.

"Кесибине жана турмуштук кырдаалдарга байланыштуу зор көлөмдүү ишке жана чыгармачылыкка толгон тармакта иштеп жаткан бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайм. Мында бардык майда-чүйдөнү жакшы караш керек, ансыз иш болбойт. Ошондуктан биз эң мыктыбыз! Өз ара жардам, колдоо жана түшүнүү болсун! Баарына өсүп, өнүгүү жана эркиндик каалайм!".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12874