Казакстандын чыгышындагы ири өрттөн 14 адам каза болду
RU

Казакстандын чыгышындагы ири өрттөн 14 адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын чыгышындагы Абай аймагындагы токойдон чыккан ири өрттөн каза болгондордун саны 14 адамга жетти. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Абай районундагы өрттү өчүрүү боюнча ыкчам штабдын маалыматы боюнча, издөө иштеринин жүрүшүндө дагы 11 адамдын сөөгү табылган. Каза болгондордун өздүгү такталууда. Эске сала кетсек, дайынсыз жоголгон үч адамдын сөөгү табылды. Буга чейин токой чарбасынын кызматкерлери табылган. Ошентип каза болгондордун саны 14 адамга жетти", - деп айтылат маалыматта.

Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөткө Абай районундагы өрткө каршы бардык техникалык жана адам ресурстарын колдонууну, кырсыктын күчөшүнө жол бербөөнү, жарандардын жана алардын мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоону тапшырды.

Буга чейин Батпаев токой чарбасынын аймагында 0,3 гектарга жакын жердеги дарак өрттөнгөн. Өрттү өчүрүү үчүн тик учак алынып келинген. Мындан тышкары токойдогу өрттү өчүрүүгө үч облустан куткаруучулар жөнөтүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 60 миң гектардан ашык.

Кийинчерээк өзгөчө кырдаал болгон жерге Алматы, Караганда жана Жетисуу облусунун куткаруучулары да жөнөтүлгөн.

Аймактагы өрттүн кесепетинен 316 адам эвакуацияланган. Өкмөткө жана Абай районунун акимдигине каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү тапшырылды. Өрттөн улам эвакуацияланган тургундар үчүн Семейде тогуз пункт даярдалды.

Бул жаратылыш кырсыгына байланыштуу Касым-Жомарт Токаевдун 11-13-июнга белгиленген Вьетнамга расмий сапарын кийинкиге жылдырды.

12-июнь Казакстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12877