Россиялык активист Крылова СИЗОго киргизилди
RU

Россиялык активист Крылова СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кармалган россиялык активист Алена Крылова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 4-июлга чейин СИЗО-1ге киргизилген. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына юристтер билдирди.

Алардын айтымында, Крылова Россиянын өтүнүчү менен эл аралык издөөдө. Ал азыр качкын макамын сурап кайрылган. Учурда анын документтери Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде каралууда.

"Биз райондук соттун чечимине каршы чыктык, мыйзамга ылайык, качкын макамы боюнча чечим чыкмайынча ал өлкөдөн чыгарыла албайт", - дешти жактоочулар.

Эске салсак, Крылова "Адам укуктары үчүн" уюмунун активисти. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик жамаатка катышуу", "Сол каршылык көрсөтүү" боюнча 6 жылга чейин эркинен ажыратылмак. Ал Москвадан үй камагында болчу.

9-июнда Бишкекте россиялык активист, "Сол блок" кыймылынын мүчөсү Лев Скорякиндин кармалганы белгилүү болгон. Россияда "ЧКисттердин күнү менен" акциясы боюнча ага издөө жарыяланган. 6-июнда Аскер комиссариатында өрттөө иши боюнча айыпталуучу Алексей Рожков май айынын аягында Кыргызстандан Россияга алынып келингени тууралуу маалымат тараган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12884