Бишкек-Ош унаа жолунун бир бөлүгү селден улам убактылуу жабылды
RU

Бишкек-Ош унаа жолунун бир бөлүгү селден улам убактылуу жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунун 414-чакырымында Жалал-Абад облусунун Бекечал айылында жамгырдан улам сел жүрүп, эки тарапка өтүүчү жол убактылуу жабылды. Мындай маалыматты 12-июнда саат 21:00дө Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Учурда жолду селден тазалоо иштери жүрүп жатат. Жеринде №30 ДЭП кызматкерлери иштеп жатат. Жол техникалары тартылды - жүктөгүч, кран, жумушчуларды ташууга автобус спринтер. Өтмөк 2 саатка жакын аралыкта ачылат", - деп билдирди министрлик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12890