Миллиардер Жорж Сорос бизнесин уулуна өткөрүп берди
RU

Миллиардер Жорж Сорос бизнесин уулуна өткөрүп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык финансист Жорж Сорос өзүнүн 25 миллиард долларлык бизнес-империясын башкарууну 37 жаштагы уулуна өткөрүп берди. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити жазып чыкты.

92 жаштагы финансист Wall Street Journal гезитине берген интервьюсунда анын уулу буга татыктуу экенин билдирген.

Алекс Сорос Жорж Соростун беш баласынын бири, Нью-Йоркто чоңоюп, Калифорния университетинде тарых илимдеринин кандидаты даражасын алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12893