Түркияда, Ысык-Көлдө жана башка. Президент ӨКМдин кызматкерлеринин эмгегин белгиледи
RU

Түркияда, Ысык-Көлдө жана башка. Президент ӨКМдин кызматкерлеринин эмгегин белгиледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Сиздерге ар кандай кырдаалдарда адам өмүрлөрүн сактап калууда, болушу мүмкүн делген табигый кырсыктардын алдын алууда күнү-түнү даяр, деп элибиз чоң ишеним артат!" - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларын сыйлоо аземинде. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жапаров өз сөзүндө башка нерселер менен катар Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарында кыргызстандык куткаруучулардын иштерин баса белгиледи

"Бир тууган элдин башына түшкөн мындай оор мүшкүлдө жардамга кол сунгандардын сап башында Кыргыз мамлекети турду. Жер титиреген күнү дароо 67 куткаруучубуз Түркияга жөнөп, ага удаа 110 куткаруучубуз зилзаланын очогуна жетип, боордоштук бөтөнчө сезим менен жан аябай жардам берип келишти", - деди мамлекет башчы.

Өзүңүздөр билгендей, биздин куткаруучулар 13 күндөн кийин, тагыраак айтканда, 296 саааттан кийин дээрлик тирүү адам жок деп изделбей турган урандылардын астынан толугу менен бир үй-бүлөнү таап, 3 адамдын өмүрүн сактап калышты.

"15 күндө урандылардын алдынан жалпы 8 адамдын өмүрүн куткарып, 198 адамдын сөөгүн чыгарып туугандарына тапшырып беришти. Дүйнө эли таң калган, түрк эли терең таазим кылган мындай окуялар эки элдин тарых барактарында жазылып кала турган эрдик болду", - деп президент куткаруучулардын ишине ыраазычылык билдирди.

Жапаров бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдына коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде аткарып жатканына күбө болуп жатканын айтып, министрликтин эл аралык деңгээлдеги аброю өсүп, жыл сайын ондогон өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары менен суучулдары өлкөбүздүн арча-карагайлуу тоолоруна, кыргыз бермети – Ысык-Көлгө келип, биздин адистерден окуп үйрөнүп, тажрыйбасын жогорулатып кетип жаткандарына токтолу.

Ал суучулдар быйыл Ысык-Көлдөн 4 айга жетпеген убакыт ичинде 96 000 метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштандыны чыгарышканын баса белгилеп, жалпы куткаруучулардын ары түйшүктүү ишине ийгиликтерди каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12911