Камчыбек Ташиев чек арачылар үчүн курулган жаңы батирдин ачкычтарын тапшырды
RU

Камчыбек Ташиев чек арачылар үчүн курулган жаңы батирдин ачкычтарын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 14-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак-үйдүн ачкычтарын тапшырды.

Эки кабаттуу турак жайда жалпысынан 20 батир бар. Бул жерде чек арачылар үй-бүлөлөрү менен жашайт. Балдар ойноочу аянтча, спорт зал, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган.

Ачылуу аземинде Ташиев мамлекет жетекчилиги тарабынан кыргыз армиясы үчүн, анын ичинде чек ара кызматын күчтөндүрүү, заманбап курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыз кылуу, аскерлердин кызматтык жана жашоо шартын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан олуттуу жумуштар тууралуу кыскача айтып өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12922