Ташиевдин уулумун деп, жарандарды коркутуп жүргөн адам кармалды
RU

Ташиевдин уулумун деп, жарандарды коркутуп жүргөн адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган адамдар кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКга Д.С., К.Ж. жана РФ жараны Д.Б. акчасын жана автоунаасын мыйзамсыз ээлеп алган "Адилет" аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүүнү суранып кайрылышкан.

"Кармалган Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар өздөрүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган Toyota Рrius үлгүсүндөгү автоунааны, ошондой эле 400 миң рублди ээлеп алышканы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык" боюнча иш козголду. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Мындай фактылар болгон учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312620585, 0312660475 номерлери аркылуу кайрылууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12929