Баткендеги кагылышта кыйраган 417 үйдүн 416сы курулуп бүттү
RU

Баткендеги кагылышта кыйраган 417 үйдүн 416сы курулуп бүттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда кыйраган 417 үйдүн 416сы курулуп бүттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында каргашалуу окуядан жабыркаган үйлөрдүн курулушу менен таанышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөөрү белгилүү болду.

Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12933