Баткенде үйлөрдү калыбына келтирген курулуш компаниясына кылмыш иши козголду
RU

Баткенде үйлөрдү калыбына келтирген курулуш компаниясына кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендин тургундары 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы куралдуу кагылышууда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү менен алектенген "Келечек ЛТД" курулуш компаниясынын үстүнөн арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баткендиктердин айтымында, аталган курулуш компаниясы сатып алган курулуш материалдары үчүн жабырлануучуларга 5 миллион 347 миң 330 сом берүүгө милдеттүү болчу.

Аталган факты боюнча Баткен облусунун ИИБнын тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ишкананын жооптуу өкүлү Ш.Н., алгач суракка алынып, андан соң кармалган. Ишканын М.А атту экинчи өкүлүнө карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12939